Орусиянын Кабардино-Балкария Республикасындагы Эльбрус тоосуна чыгуу учурунда беш альпинист каза болуп, жөө жүрүштүн 14 катышуучусу куткарылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 23-сентябрь күнү Эльбруска 5 миң 400 метр бийиктикке чыккан 19 альпинисттен турган топ аба ырайынын начарлашына байланыштуу куткаруучулардан жардам сурап кайрылышкан.
Куткаруучу топтун маалыматында, ал жердеги абанын температурасы -20 градус, ал эми шамалдын ылдамдыгы секундасына 70 метрге чейин жеткен.
Куткарылган топтун сегиз мүчөсүнүн абалы орто жана бир мүчөсү бутунан жараат алгандыгы, айрымдары үшүккө кабылгандыгы маалымдалат.
Жалпысынан куткаруу иштерине 69 адам жана 16 техника тартылган.