"Apple" компаниясы бардык гаджеттер үчүн бирдиктүү кубаттагыч чыгаруу сунушуна каршылыгын билдирди

"Apple" компаниясы Европа биримдигинин аймагында бардык гаджеттер үчүн бирдей кубаттагыч тутумун ишке киргизүү сунушуна каршылыгын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, аталган компания Европа биримдигинин гаджеттин бардык түрлөрү үчүн бирдей кубаттагыч тутумун киргизүү сунушун акылга сыйбаган нерсе деп эсептейт.

"Биз кубаттагычтын бир гана түрүн колдонуу керек деген катаал эреже өнүгүүгө кедергисин тийгизип, Европа өлкөлөрүндө гана эмес, бүткүл дүйнөдөгү колдонуучуларды зыянга учуратат деп тынчсызданабыз", - деп билдирген компаниянын жетекчилиги.

Эске салсак, Европа биримдиги буга чейин бардык гаджеттер жана смартфондор үчүн бирдиктүү кубаттагыч (USB-C) жана кулакчындар тутумун ишке ашыруу боюнча сунуш киргизген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nuuman
2021-09-24 12:17:39
Аппл акча иштегиси келетда
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан