Боом капчыгайында унаалардын каттамына убактылуу чектөө киргизилет. "Кыргыз темир жолу" ишканасынан кабарлашкандай, чектөө таштарды атайылап түшүрүү иштерине байланыштуу киргизилүүдө.
"Жолдорго таштардын кулоо коркунучун жоюу үчүн ушундай чаралар көрүлүүдө. Жумуш 27-сентябрдан 1-октябрга чейин темир жол өтүүчү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында жүргүзүлөт. Таштарды кулатуу иштери жолду жарым-жартылай тоскондон кийин күндүзгү саат 9:00дөн 15:00гө чейин өткөрүлөт. Бул учурда транспорт каттамдары бир тилке боюнча каттай алат", - дешет мекемеден.