2021-жылдын башынан бери өлкөдөгү тоо-кен тармактарында 1 миллион 400 миң тонна көмүр казып алынды. Мындай маалымат улуттук статистикалык комитетинин маалыматында жарыяланды.
Билдирүүгө ылайык, 2021-жылдын январь айынан август айына чейин өлкөдө 370 миң 200 тонна көмүр жана 1 миллион тонна күрөң көмүр казылган.
2021-жылдын январь айынан август айына чейин тоо-кен өндүрүшүнүн көлөмү 16 миллиард 866 миллион 400 миң сомду түзгөн.