Биринчи Май райондук сотунун алдына Асылбек Жээнбеков менен Темир Сариевдин тарапташтары митингге чыгышты

Бүгүн, 24-сентябрда Биринчи Май райондук сотунун алдына Асылбек Жээнбеков менен Темир Сариевдин тарапташтары митингге чыгышты. Алар саясатчылардын боштондугун талап кылышууда.

Темир Сариевдин тарапташы Жамийла Алымбекова буларга токтолду.

"Кечээ Темир Сариевдин соту бүгүн, 24-сентябрда саат 10:00дө болорун угуп келдим. Темирдин кандай адам экенин жакшы билем. Анткени көп жылдар бою бирге иштешкенбиз. Сот акыйкат чечим кабыл алсын деп келдим", - дейт Алымбекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
shankol88
2021-09-24 12:11:03
Көтөрүп турган кагазына,
Эл деп жазбай биз деп жазбайбы...?
+1
Katrina.
2021-09-24 12:24:36
shankol88,ошону айтсан, Эл деген мигрант болуп журот тогороктун торт бурчунда.
+3
Katrina.
2021-09-24 12:20:22
Айланайындарым эмне иш жокпу?Кечке эле митингге чыга бересинерби тооба, картошка казыш керек,куздун куздой туйшугу бар го.Куноосу болсо камалышсын,болбосо чыгарса керек.
+3
Kuban-1207
2021-09-24 14:01:12
25 жыл камалсын
+3
Kamchy-bek
2021-09-24 14:37:56
Кайран миң сомдуктар, бирок ошо миң сомдон кайра элге кайрылып келип атат
+1
Mister-XXX
2021-09-24 15:24:26
Булар кайсы акыйкат чечимди издеп жүрөт?Булардын ою боюнча,ууруларды бошоткон акыйкат чечим болобу?Сариев менен Жээнбеков жакшы дешет.Эмнеге анда булар байыды да,өлкөбүз сазга батты?Булар бийликте жүрдү эле го.Кыйын болсо ошондо өлкөнү оңдойт эле го.Көптөгөн майлуу жерлерден буларга акча түшүп турат.Камалсын!Керек болсо атса да болот элдин мүлкүн жегендерди.Митингге чыккандар силер элдин атынан сүйлөбөгүлө!Биз туугандары,табакташтары митингге чыктык деп айтсанар туура болот.
+2
al-abu-kinesz
2021-09-24 22:21:22
Буларга пожизненный срок аз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан