Уурдалган наристенин энеси Улуттук госпиталда оор абалда жатат

Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 6-ноябрда уурдалган наристе тууралуу  ишти  иликтөө боюнча маалыматтарды берди. 5-ноябрда Бишкек шаардык перинаталдык борбордон наристе уурдалган. Аталган ишти иликтөөнүн жүрүшүндө борбордун кызматкерлери сурак берип, наристенин жоголгонун саат 22:30да байкашканын айтышкан. Өз алдыларынча издеп, жыйынтык чыкпаган соң ички иштер органдарына кайрылышкан. 2013-жылы 10-октябрда маалына жетпей төрөлгөн кыздын энеси 1975-жылы туулган С.А. азыркы тапта Улуттук госпиталда оор абалда жаткандыктан аны менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлбөгөн. Кыздын атасы Орусияда экени белгилүү болду. Иликтөө иштерине наристенин атасынын бир тууганы катышууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Aikokul85
2013-11-06 16:19:43
тушунуксуз.
0
kanykei_88kg
2013-11-06 21:01:54
Тушунуксуз
0
Bagirra
2013-11-06 22:23:27
кара уурдаган адам баарын байкап атасы четте, энеси оор абалда экенинен пайдаланып кылганын.
мындай ишти ички иштер органына эле эмес ден соолук министри түздөн түз мойнуна алып тезинен бүт врачтарды тазалаш керек, корруциянын дагы бир чоң очогу ушул врачтарда
0
raia
2013-11-07 19:19:06
,Бул жерде медиктердин шалакылыгынан пайдаланган же болбосо медиктер куноолуу.Ууру жомоктогудай нивидимка шапке кийип кирип чыкпагандыр.Катуу кысымга алынса эле табылат.Бизде мыйзамдын жоктугу дагы ушу жерде билинип турат.Мыйзам иштесе бала эмес кочодогу кучук деле жоголмок эмес...
0
gylbaira
2013-11-08 21:42:58
Медиктер куноолуу!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан