Айсулуу Тыныбекова спорттогу ийгиликтери менен дүйнөлүк рейтингдердин сап башында турат. Элибиздин балбан кызын көпчүлүгүбүз килем үстүнөн, трико, спорттук кийимчен көрүп келебиз. Мындан улам Айсулуу Тыныбекованын образдарын топтоп көрдүк. Сизге спорттук форма кийинген кызбы же ажарын ачкан макияж, мүчөсүнө куп жарашкан көйнөкчөн кыз жакын бекен?

















Айсулуу Тыныбекова күрөш уюмунун (UWW) рейтингинде 1-орунда. Бул тууралуу аталган уюмдун Токио Олимпиадасынан кийинки жаңыланган рейтингинде көрсөтүлөт.
Эске салсак, балбан Токиодо өткөн Жайкы Олимпиада оюндарында финалга чейин жетип, Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында айымдар арасында алгачкылардан болуп күмүш медалды багындырды.