"Талибан" кыймылы Ашраф Ганиден өзү менен кошо алып чыгып кеткен 169 миллион долларды берүүсүн талап кылды

Ооганстандын жаңы өкмөтү өлкөнүн экс-президенти Ашраф Ганиден өзү менен кошо алып кеткен каражатты кайтарып берүүсүн талап кылат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн убактылуу өкмөтүнүн маданият жана маалымат министринин орун басары Забиулла Мужахиддин берген маалыматына таянып, чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

"Ашраф Гани мамлекеттин, элдин акчасын уурдап кетти, биз каражатты банкка кайтаруусун талап кылабыз", - деп билдирген ал.

Эске салсак, буга чейин Ашраф Гани чоң суммадагы акчаны өлкөдөн алып чыккандыгы тууралуу маалыматты төгүндөгөн. Кийинчерээк чет элдик басылмалар Гани Ооганстандан 169 миллион долларды чыгарып кеткенин жазган. Ооганстанды 2014-жылдан бери жетектеп келген Гани 15-август күнү "Талибандар" Кабулга киргенде отставкага кеткенин жарыялап, өлкөдөн чыгып кеткен.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
alimbek94
2021-09-24 15:14:23
Динди шылтоо кылып, аялдарды камап, бети башын мажбурлап хиджаб менен тумчулап, басмырлаган динчил талибтер акмак экенсинер.
-1
Mister-XXX
2021-09-24 15:37:07
alimbek94,Кел Айжан.Сенсиз кызыксыз болуп кетти.
+1
ayzhan12
2021-09-24 17:30:02
Диний фанатизм жакшылык алып келбейт
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан