Пермь шаардык тергөө комитетинин бөлүм башчысы Сергей Сарапульцев өз жанын кыйды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, анын өз жанынын кыюусу Пермь университетиндеги трагедия жана анын иликтөө иштеринин жүрүшүнө байланыштуу. Бул окуяны Федералдык тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин жеке көзөмөлүнө алып, текшерүү үчүн бир күн мурун Пермге барган.
Анын жансыз денеси өзүнүн батиринен табылган.
Эске салсак, Пермдеги университеттеги каргашалуу окуя 20-сентябрь күнү орун алган. Анда Тимур Бекмансуров аттуу юридикалык факультеттин 1-курсунда окуган студент 12 калибрдүү куралы менен окуу жайга кирип келип, бир канча жолу ок аткан. Анын огунан улам 6 адам каза таап, ондогон жаран жаракат алган. Полиция кызматкерлери Тимур Бекмансуровду жарадар кылып колго түшүрүшкөн.