Жалал-Абадда жүк ташып бара жаткан унаа күйүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Сузак районунун Ынтымак айылында жолдо автоунаанын үстүндө жыйылган чөп күйдү.
Белгилүү болгондой, өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм жана кошумча күч тартылды. Өрт курчоого саат 13:11де алынды, жабыркагандар жок.