Орусияда жол кырсыгынан эки Кыргыз жараны каза болду

Орусиянын Тула облусунда 23-сентябрь күнү эртең менен болгон кырсыктын кесепетинен Кыргыз өлкөсүнүн эки жараны каза болду. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, авто кырсыктан 1986-жылы туулган эркек киши жана 1987-жылы туулган аял каза тапкан. "Каспий" шоссесинде орун алган кырсыкта жалпысынан төрт адам каза болгон.

Окуянын чоо-жайы боюнча кылмыш иши козголгон.

"Элчиликтин консулдук бөлүмүнүн кызматкерлери укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле каза болгондордун жакындары менен байланышта. Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын сөөгүн мекенге кайтаруу үчүн компенсация алуу тартиби жакындарына түшүндүрүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан