20-сентябрда Пермь шаарындагы изилдөө университетинде ок чыгарган 18 жаштагы Тимур Бекмансуров эсине келди. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жандандыруу бөлүмүндө жаткан Бекмансуров эсине келип, абалы жакшырууда.
"Учурда анын абалын калыбына келтирүү үчүн дарыгерлер болгон аракетин көрүп жатышат", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, Пермдеги университеттеги каргашалуу окуя 20-сентябрь күнү орун алган. Анда юридикалык факультеттин 1-курсунда окуган Тимур Бекмансуров аттуу студент 12 калибрдүү куралы менен окуу жайга кирип келип, бир канча жолу ок аткан. Анын огунан улам 6 адам каза таап, ондогон жаран жаракат алган. Полиция кызматкерлери Тимур Бекмансуровду жарадар кылып колго түшүрүшкөн.