Пермь: "Жанында он полиция нөөмөттө". Эсине келген Тимур Бекмансуровдун коопсуздугу күчөтүлдү

Пермь ооруканасында эсине келген 18 жаштагы Тимур Бекмансуровдун коопсуздугу күчөтүлдү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазды.

Маалыматка ылайык, эсине келген Бекмансуров учурда VIP палатада жатат. Себеби аны ошол жерде кайтарган ыңгайлуу. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери каза болгон же жарадар болгондордун туугандарынын бири ок атуучуга кол салары тууралуу такталбаган маалыматты алышкан. Бекмансуровдун жанында он чакты полиция нөөмөттө турат жана сырттан келгендер киргизилбейт. Бекмансуровдун палатасынын терезелери атайын шаймандар менен жабылган.

Бекмансуровдун абалы оор бойдон калууда. Ага жасалма бөйрөк салынышы мүмкүн. Дарыгерлер анын аман калышы үчүн болгон күч-аракетин жумшоо үчүн атайын буйрук алышкан.

Эске салсак, Пермдеги университеттеги каргашалуу окуя 20-сентябрь күнү орун алган. Анда Тимур Бекмансуров аттуу юридикалык факультеттин 1-курсунда окуган студент 12 калибрдүү куралы менен окуу жайга кирип келип, бир канча жолу ок аткан. Анын огунан улам 6 адам каза таап, ондогон жаран жаракат алган. Полиция кызматкерлери Тимур Бекмансуровду жарадар кылып колго түшүрүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nuuman
2021-09-25 07:36:31
Дарыланып чыксын. Сакайып кетсин. Анан өмүр бою түрмөгө кесилсин. Жашоо эмне пабж беле терип ата берген. Өлүп калуу ал үчүн сонун белек болот. Өлтүрбөй сактап калгыла. Өмүрү түрмөдө болсо окунгудой болуп
+12
bekhaliev
2021-09-25 08:36:31
Nuuman,макул жеткизебиз баарын
-8
Aidan_Ek
2021-09-25 07:41:09
Жанын сактап, бийлик озуно иштетейин деген го чамасы.
-12
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан