Мурдагы премьер-министр Темир Сариев 30-ноябрга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан маалымдашты.
"Биринчи Май райондук сотунун 2021-жылдын 24-сентябрындагы токтомуна ылайык, шектелүүчү Т.А.Сариевге карата мурда тандалган Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторуна камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасынын мөөнөтү 2021-жылдын 30-ноябрь күнүнө чейин узартылды", - деп билдиришти соттон.
Темир Сариев 3-августта "Кумтөр" иши боюнча УКМК тарабынан кармалган. Ал УКМКнын СИЗОсунда 30-сентябрга чейин камакта калтырылган.
Атайын кызмат Сариев экономика министри, ошол эле учурда тиешелүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турганда "Кумтөр" кенин иштетүүдөн келип чыккан экологиялык зыяндын суммасын бир нече миллиард сомго аз көрсөткөнү, анын натыйжасында мамлекетке чоң зыян келтирилгени аныкталганын маалымдаган.