Чүй ОИИББинин кызматкерлери Бишкек шаарында оор кылмыш үчүн издөөдө жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 24-сентябрь күнү саат 08:00 чамасында Федоровка айылында жайгашкан талаалардын биринде 1985-жылы туулган шектүү А.Х. милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.
Шектүүгө тинтүү жүргүзгөндө андан өзгөчө жыты бар, болжол менен 30 грамм салмактагы кара жашыл түстөгү зат табылган. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган жаран Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.