Биз социалдык тармакта

"Мугалим өзү жаш экен". Мугалим окуучусун урду деген окуя боюнча териштирүү иштери уланууда

Буга чейин Бишкектин Төмөнкү Ала-Арча орто мектебинде мугалим 7-класстын окуучусуна кол көтөргөнү айтылган. Анда мугалим окуучусун швабра менен бир нече жолу башка урганы жазылган. Андан кийин аталган окуяга байланыштуу ишти Аламүдүн РИИБи тергеп жатканы маалымдалган.

Жогорудагы окуя боюнча Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Динара Шеркуловага байланышканыбызда, учурда тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

"Аталган иш боюнча Билим берүү жана илим министрлигинде директор, эки тараптын өкүлдөрү чогулуп, окуянын чоо-жайын териштирүү болгон. Андан соң Аламүдүн РИИБине окуяга териштирүү жүргүзүп, жыйынтык чыгарып берүүсүн суранып кат жазгам.

Эки күн болду. Териштирүү иштери жүрүүдө. Кийинки аптада жыйынтыгы чыгып калат. Мугалим өзү жаш экен. Эгер мугалим күнөөлүү болсо ага чара колдонулат", - деп билдирди Шеркулова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Birimdik5555
2021-09-24 18:35:32
Жаш туруп ушундай болсо анда жашы откондо псих болуп калабы
-6
KaGaH
2021-09-24 18:52:00
Бизди агайлар уруп эле тарбиялаган, билбейм азыркы жаштарды аябай эле назик болуп кетишти окшойт!
+3
Tursunbaev1978
2021-09-25 09:31:56
KaGaH,Энеси болушчактын,баласы ыйлаак азыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан