Бишкекте таңкы саат 5те жаранды күч колдонуп тоноп кеткенге шектелгендер кармалды

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери тоноого шектүү жарандарды кармашты. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-сентябрь күнү болжол менен саат 05:20 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Кулиев жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинен акчамды жана уюлдук телефонумду тоноп кетишти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 1988-жылы туулган Ы.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен болжол менен саат 05:00 чамасында жашы 30-35 курактагы жарандар арыз ээсинин баасы 13 миң 500 сом турган телефонун жана 8000 миң сом акчасын ачык түрдө күч колдонуп алып кетишкенин билдирген.

Чакыруу менен келген кызматкерлер ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе шектүү катары 1977-жылы туулган А.Б. жана 1987-жылы туулган Т.Ж. аттуу жарандарды кармап, Биринчи Май РИИБине өткөрүп беришкен. Бул факты "тоноо" беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Omyke
2021-09-24 18:20:45
Мындай шакалдар олупкетсе да калбайт Арам тамак жегендери
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан