Бишкекте ички иштер органдарынын, активисттердин жана жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү милиция кызматкерлеринин арасында психологиялык ишти жакшыртуу маселелерин талкуулашат. Бул туурасында уюштуруучулар кабарлашат.
Маалыматка ылайык, "Милиция кызматкерлерине психологиялык колдоо көрсөтүүнүн зарылдыгы" темасы кайгуул кызматкерлери менен болгон акыркы окуяларга байланыштуу жаңыртылды.
"Буга чейин Жарандык союз патрулдук милиция кызматында да, жалпы эле ички иштер органдарында да психологиялык колдоо механизмдерин иштеп чыгуу зарылдыгын билдирип келген. Бул ички иштер органдарында иштөөнүн өзгөчөлүктөрү стресстин ар кандай факторлору менен коштолот, мисалы кызматтын ыраатсыз графиги, конфликттик кырдаалдардын пайда болушу, ар кандай зомбулук кылмыштарынын курмандыктары менен иштөө, агрессивдүү адамдар менен баарлашуу жана башкалар.
27-сентябрдагы иш-чаранын жүрүшүндө Жарандык союз психологиялык колдоо системасын өнүктүрүү боюнча сунуштарды берүүнү пландап жатат. Ошондой эле уюштуруучулар берилген платформа Ички иштер министрлигинин медициналык дирекциясынын психологиялык кызматынын иши, кызматкерлердин билими тууралуу коомчулукка маалымат берүүгө мүмкүндүк берет деп эсептешет. Мындан тышкары иш-чара бул чөйрөдөгү көйгөйлөрдү жана муктаждыктарды так аныктоого мүмкүнчүлүк берет", - дешет уюштуруучулар.