Бишкекте СИЗО-1ге баңгизат каражатын киргизүүгө аракеттенген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-сентябрь күнү ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы ЖАМКнын кызматкерлери менен биргеликте абактардын бирине баңгизаттарды алып кирүүгө аракеттенген 1993-жылы туулган М.А. аттуу жаранды кармаган.
Жарандын Шкода Октавиа унаасынын ичинен эки таңгак табылып, анын ичинде кочкул күрөң зат болгон. Текшерүүдө ал гашиш баңги заты экендиги аныкталган. Ошондой эле унаадан дагы “Фрима” кургак сүтүнүн эки баштыгына салынган зат алынган. Алардын салмагы 1 килограмм 735 граммды түзгөн. Азыркы учурда бул фактыга катыштыгы бар болгон жарандарды аныктоого багытталган бир нече иш-чаралар жүргүзүлүүдө.