Бириккен улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын аянтчасында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Италиянын тышкы иштер министри Луиджи Ди Майо менен формалдуу эмес жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, тараптар жогорку деңгээлдеги сапарлар менен алмашуу пландарын талкуулашты. Министр Казакбаев кесиптешин 5-ноябрда Бишкекте өтө турган «ЕБ-БA» Биринчи экономикалык форумуна катышууга чакырды.
"Ошондой эле Кыргыз өлкөсүнүн Италиядагы элчилигинин ачылышы оң маанайда белгиленди.
Тараптардын делегациясынын быйыл өтүүчү «Борбордук Азия - Италия» министрлеринин жолугушуусуна катышуу пландары талкууланды", - деп жазылат министрликтин маалыматында.