Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Казакстандын маданият кызматкери Бек Борбиев бүгүн, 24-сентябрда жеке концертин өткөрдү.
Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө ырчы 90-жылдардагы ырларды аткарды. Жандуу ырларды Бек мырза залдагы угармандары менен биргеликте чогуу аткаруу үчүн сахнага каалоочуларды чакырды.
Ал "Жубайыма" деген ырын 3 күйөрманы менен аткарып, филармониянын залын шаңга толтурду.
Эл артисти менен чогуу ырдоону каалагандар четтен чыгып, "Айда такси" ырын дагы күйөрмандары менен аткарды.
Бек Борбиевди туулган күнү, жакында эле алган наамы менен куттуктап келген Нурлан Насип залдагы угармандарга чыгармаларынан аткарып берип, баарына көңүлдүү кеч каалады.
Ага улай эле ырчылар Аваз Акимов, Данияр Эрматов, Мирлан Баеков сахнага чыгышып, Бек Борбиевдин чыгармаларын аткарып беришти.
Андан тышкары куттук айтып келген казак ырчысы Нурболат Абдуллин сахнага чыгып, концертке салмак кошту.
Борбиевдин обондорун сагынып келген элге аккордеон, гитаранын коштоосундагы ырлары жаңырды. Эл артисти күйөрмандары менен чогуу ырдоону улантып, дээрлик бардык угармандарды ырдатты. Бирде чабуулардан колу бошобосо, бирде ырдап оозу бошобогон көрүүчүлөрдүн маанайы көтөрүлүп, жан дүйнө азыгын алышты.
Концерттеги алып баруучулук тизгин Чыңгыз Мырзаевде болду.