Бүгүн, 24-сентябрда улуттук филармониянын залында Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Казакстандын маданият кызматкери Бек Борбиевдин концерти өтүп жатат.
Ырчыны куттуктап келгендердин арасында коңшу өлкөнүн да маданият өкүлдөрү болду. Алардын бири - Нурболат Абдуллин. Казак ырчысы аткаруу чеберчилиги менен Бек Борбиевдин күйөрмандарынын көңүлүн бурдура алды. Дүркүрөгөн кол чабуулар, сүрөөн-кыйкырыктардан кийин сахнадан кеткиси келбегенин айткан ырчы концерт коюу ниетин билдирди.
"Сиздердин кол чабууңуздардан кийин кетким келбей турат. Бек байкенин концертинин уландысы меники болсунбу? Бишкекке концерт койсом келесиздерби, сөзүңүздөрдү алайын", - деди.
Залдагы көрүүчүлөр токтобогон кол чабуулары менен билдиришип, дагы чыгарма аткарып берүүсүн суранышты. Ыраазычылыгын билдирген Нурболат Абдуллин Бишкектеги концертинде көрүшөрүн айтты.