Каракол шаарында 16 жашка чейинки кыз-келиндер арасындагы өлкө Кубогу өттү. Анда Бишкек курама командасы аялдар арасындагы футбол боюнча Кыргыз Республикасынын Кубогун утуп алды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, мелдешке 8 аймактык команда жана Бишкек шаары катышты.
Бишкек шаарынын курама командасы, Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгына караштуу СДЮШОР-СИ өкүлдөрү финалдык баскычка чыгып, эки жеңишке ээ болуп, Кыргыз Республикасынын Кубогуна жана төрт номинацияга ээ болушту.
- Аделаида Мырзалиева мыкты коргоочу болду;
- Арууке Дученова мыкты чабуулчу деп табылды;
- Кубоктун мыкты оюнчусу - Нурсулуу Мурзакулова;
- Эң мыкты машыктыруучу Д.С.Макаров болду.