Америкалык миллиардер, "Tesla" компаниясынын жетекчиси Илон Маск ырчы Граймс каймана аты менен таанымал болгон канадалык ырчы Клэр Буше менен эки арым жолго түштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Чет элдик басылмалардын жазганына ылайык, алар ажырашканы менен ортодогу жакшы мамилени сактап, бала тарбиялоодо экөө тең жоопкерчилик аларын айтышкан.
"Менин "SpaceX" жана "Tesla'дагы" жумуштарымдын көбү Техаста болушумду же чет өлкөгө чыгууну талап кылат. Ал эми Клэр Бушенин иши негизинен Лос-Анжелесте", - деп ажырашуунун себебин түшүндүргөн Маск.
Эске салсак, Илон Маск менен Клэр Бушенин ортосунда бир баласы бар.