Сауд Арабияда биринчи жолу аскер кызматындагы аялдар парадга катышты

Сауд Арабияда биринчи жолу ар кандай даражадагы аскер кызматындагы аялдар өлкөнүн 91 жылдыгына арналган аскердик парадга катышты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмаларда жарыяланды.

Чет өлкөлүк басылмаларда жазылгандай, параддар Эр-Рияд жана Жидда шаарларында өткөн. Иш-чарага жүздөгөн көрүүчүлөр катышты.

"Бул кадам мураскер ханзаада Мохаммед бин Салмандын "2030-жылга чейинки көз караш" демилгесинин бир бөлүгү болуп саналат. Анда ар кандай чөйрөлөрдөгү өлкөдөгү аялдардын статусун жакшыртуучу реформалар кирет.

Аялдарга Сауд Арабия армиясында, өлкөнүн стратегиялык ракеталык күчтөрүндө жана армиянын медициналык кызматтарында кызмат кылууга уруксат берилген.

Аталган өлкөдө аялдарга күйөөсүнүн же атасынын макулдугусуз өлкө жана дүйнө жүзүн кыдырууга, унаа айдоого, спорт залдарга, бассейндерге, спорттук мелдештерге барууга жана ресторандарда иштөөгө уруксат берилген. Ошондой эле жеке бизнесин ачып, армияда кызмат өтөй алышат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ayzhan12
2021-09-25 01:35:41
Бул жагы жакшы аялдарды коомдук иш чараларга аралаштырып. Бирок аялдардын башына мажбурлап хиджаб ороп, тумчулаганды токтотуу керек. Мажбурлап тумчулоо менен аялдардын муктаждыктары чечилип калбайт.
-17
zamir_kgz
2021-09-25 03:47:49
ayzhan12,Аял кишиге аяр мамиле кылуу керек. Мамлекетибизге, мусулман элине эң керектүү эркек кишини ошол аял киши төрөп тарбиялап өстүрөт. Аялыңды түздөйм дегенге болбойт сынып калат кабырга сыяктуу жүрө берет.
+3
Danysh1
2021-09-25 08:54:19
ayzhan12, ушундайларга тез жетип келесиң э чачтарды койо берип деп койуп
+13
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан