Кытайда 22 жаштагы жигит бир жарым литр коланы 10 мүнөттө ичип каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Анда жазылган маалыматка ылайык, суусундукту ичкенден 6 саат өткөндөн кийин ал өзүн жаман сезип, Пекиндеги ооруканалардын бирине кайрылган.
Дарыгерлер аны текшерип, андан пневматоз (ашказандагы абанын көбөйүшү. Мында ашказанда чоң өлчөмдөгү газ шарлары пайда болот) пайда болгонун аныкташкан.
Ошондой эле анын жүрөгү бат-бат согуп, дем алуу системи бузулуп, кан басымы төмөн болгон. Анын анализи боору катуу жабыркаганын көрсөткөн. Анын абалы начарлап, тилекке каршы, ооруканада көз жумган.
Дарыгерлердин айтымында, бейтап коланы өтө тез ылдамдыкта ичкендигинен улам организминде өтө көп кычкыл газ топтолгон. Бул боордун кычкылтек ачкалыгын пайда кылып, өлүмгө алып келген.