Улуу Британиянын май куюучу жайларында узун кезек күтүүлөр болууда. Өлкөдөгү мындай абал күйүүчү май ташыган унаага айдоочулардын жетишсиздигинен улам келип чыккан. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Британиянын мунай жана газ корпорациясы айдоочулардын жетишсиздигинен улам май куюучу жайларга күйүүчү майды жеткирүүнү чектөөгө алган.
"Өкмөт аскерлерди күйүүчү май ташыган унааларга айдоочу катары тартууну карап жатканын билдирген. Ал эми транспорт министри Грант Шаппс бул маселени тезирээк чечүү үчүн колунан келген аракетти жумшоого убада берген. Ошондой эле министр өлкөдө күйүүчү май жетиштүү экендигин айтып, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырган.
Британияда күйүүчү майды белгиленген жерге жеткирүү үчүн айдоочулар жетишпейт. Июлдун аягында өлкөдө 100 миң жүк ташуучу унаага айдоочу жетишпей жатканы айтылган", - деп жазылат маалыматта.