Койлор куйкаланып калган. Чүйдө сарайдан өрт чыгып 15 баш кой жана дан эгиндери күйүп кетти

Чүй облусунун Александровка айылында чоң өрт катталды. Кырсыктын кесепетинен мал-жандык, дан эгиндери, чөп күйүп кетти.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттүн кесепетинен аянты 200 чарчы метр сарай, 150 чарчы метр бастырма, 400 түк чөп, 1 жарым тонна жүгөрү, болжол менен 2 тонна арпа жана 15 баш кой күйдү.
Өрттү өчүрүүгө жалпы эки бөлүм тартылып, саат 18:34тө өрт толук өчүрүлдү. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан