Орусияда өткөн "Crocus Expo" эл аралык көргөзмө борборунда "WorldFood Moscow 2021" күзгү азык-түлүк көргөзмөсү өттү. Анда ата мекендик продукциялар да көрсөтүлгөнүн Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен кабарлашат.
Маалым болгондой, иш-чара 21-24-сентябрда Москва шаарында орун алды.
"10 кыргыз компаниясы, анын ичинде "Кыргызпродукт", "Агропродукт", "Sonun", "Gelios", "Azra group", "Oimo foods", "Eco Product Asia", "Orjemil", "Дан Агро продукты", "Алайку" конокторуна жаңы бышкан, кургатылган жана консерваланган жашылчаларды, мөмө ширелерин, консерваларды, джемдерди, сүт азыктарын, буурчак, алма, кара өрүк, мөмө-жемиш пастилдерин көрсөтүштү.
Жалпысынан "WorldFood Moscow 2021" көргөзмөсүнө дүйнөнүн 30 өлкөсүнөн жана Орусиянын 59 субъектисинен 600дөн ашуун алдыңкы азык-түлүк өндүрүүчүлөрү жана жеткирүүчүлөрү катышты", - деп айтылат билдирүүдө.