Биз социалдык тармакта

Москвада кыргыздар тарабынан жасалган кылмыштуулук 10 пайызга өстү

Москвадагы Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан жасалган укук бузуулардын жана кылмыштардын санынын көбөйүшү тынчсызданууну жаратты. Бул туурасында Орусиянын Москва шаарынын, облусунун прокуратурасынан билдиришкенин Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен кабарлашат.
Белгилүү болгондой, консул Алмаз Букалаев Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлүнүн катышуусунда Москва шаарынын жана Москва облусунун прокуратурасынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Тараптар кыргыздардын укуктук статусуна, ошондой эле эмгек мигранттарынын укуктарын коргоого байланыштуу маселелерди талкуулашты. Консул жарандардын эмгек акыларын иш берүүчүлөр тарабынан төлөбөгөндүгү боюнча Москва жана Москва облусунун прокуратураларына мурда жөнөтүлгөн кайрылуулардын тизмесин тапшырды.
Өз кезегинде коңшу тарап мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттө келип түшкөн бардык кайрылуулар үчүн объективдүү жана комплекстүү текшерүү уюштурулат деп ишендирди.
Мындан тышкары прокуратуранын жетекчилиги Кыргыз жарандары тарабынан жасалган укук бузуулардын жана кылмыштардын санынын көбөйүшүнө тынчсыздануусун билдирди, тактап айтканда, 2021-жылы Москва облусунда кылмыштуулуктун пайыздык өсүшү 10 пайыздан ашты.
Тараптар Орусиянын мыйзамдарын сактоо жана миграциялык мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маалыматтык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча иш-чараларды өткөрүү зарылдыгын макулдашышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Rusi79
2021-09-25 10:57:35
Мурда адамдар иштегени барчы эле,иш жана копчулук жашаган квартира ошого кайыл болуп иштечуубуз,азыр болсо заман озгорду адамдардын курсагы тоюп урушаарга жоо тапай ынтымак кетти.Кожо молдосу,жаш каарысы,кызкелиндер баш болуп кафе ресторандарда.Кыжылдашып дуйнонун маселесин чечип жаткандай ызылдап мас болуп жургон кобунчо биздин эл.
+12
Mister-XXX
2021-09-25 12:13:49
Кечээ эки кыргыз келин журот.Ылжып мас,оозунда сигарет.Ушуларды кантип кыргыз кызы,кантип эне дейбиз?
+8
boston___
2021-09-25 12:31:02
Ар бирибиз озубузду ондосок жакшы болот ботон жердин законуна баш ийип а биздикилер месный болуп алышкан орустардан отуп
+4
bond02
2021-09-25 12:39:50
Ушундай РФда мыйзам бузган кыргыз жарандарын Россиядагы Кыргызстандын элчилиги оздору жардам бериш керек депорт кылганы.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан