Кино жана театр актёру Марат Шаймухамедов 59 жаш курагында мезгилсиз дүйнө салды. Ал 24-сентябрда көз жумганын Муса Жангазиев атындагы куурчак театрынан кабарлашат.
Марат Шаймухамедов Ташкент шаарындагы театралдык институттун “Куурчак театрынын артисти” бөлүмүн аяктаган.
Эмгек жолун 1988-жылы Самарканд, Ташкент шаарларындагы театрларында баштап, Бишкектеги республикалык Муса Жангазиев атындагы куурчак театрына келген. Отуз жылдан ашык убакытта балдар үчүн көптөгөн спектаклдерде "Эң кыйын бала Федра", "Страустун балапанынын окуясы", "Теремок", "Хечо жалкоо жөнүндө", "Жаңгактын чыбыгы", "Аист балапаны жана Каракчы", "Сыйкырдуу чака", "Күндүн нуру" жана башкаларда ролдорду жараткан.
Ал жогорку категориядагы актёр, мамлекеттик сыйлыктардын ээси.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Марат Шаймухамедовдун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.