"Кургак сүттүн баштыгына салып...". Бишкекте 28 жаштагы жаран тергөө абагына баңгизатын алып кирүүгө аракет кылды

Бишкекте тергөө абагына баңгизаттарды киргизүүгө аракеттенген жаран кармалды. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, алынган баңгизаттардын жалпы массасы дээрлик 2 килограммды түзөт.

Маалым болгондой, 10-сентябрда ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери тарабынан 1993-жылы туулган М.А. аттуу жаран кармалган. Ал түзөтүү мекемелеринин бирине баңгизаттарды алып кирүүгө аракеттенген.

"Анын Шкода Октавиа унаасынан эки таңгак табылып, анын ичинде спецификалык жыты бар өсүмдүк тектүү кочкул күрөң зат болгон. Андан тышкары целлофанга салынган “Фрима” кургак сүтүнүн эки баштыгы табылып, ичин ачканда гашиш баңгизатына окшош спецификалык жыты бар зат аныкталган.

Алынган заттардын контролдук таразасы жүргүзүлүп, жалпы салмак 1 килограмм 935 граммды түзгөн. Азыркы учурда бул фактыга катыштыгы бар жарандарды аныктоого багытталган бир нече иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - дешет мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан