Баткенде аткезчилик жол менен ташылган жүзүм аныкталды. Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, контрабандалык жүктөр 24-сентябрда алынды.
Маалым болгондой, Лейлек районундагы Сай айылында чек арачылар Мерседес-Бенц Спринтер унаасын токтотушуп, текшерүүгө алышкан. Унааны З.Н. аттуу жаран башкарып бара жаткан.
"Ал Тажикстандан Кыргыз өлкөсүнө 2 миң килограмм жүзүмдү мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган. Кийинчерээк чек арачылар тарабынан дагы 2 Мерседес-Бенц Спринтер унаасы текшерүүгө алынып, мыйзамсыз ташылып келген 5 миң килограмм жүзүмдү аныкташты. Алдын ала маалымат боюнча жалпы жүктүн баасы 600 миң сомдон ашат.
Бул фактылар боюнча тиешелүү документтер топтолуп, андан ары тергөө иштери үчүн айдоочулар унаалары менен кошо компетенттүү органдарга өткөрүлдү", - дешет мекемеден.