Чүй облусунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан №19 абакта каза болгон аскер кызматкеринин өлүмүнө шектүү күнөөсүн моюнга алган көрсөтмө берди. Мындай маалымат Башкы прокуратуранын маалымат кызматы тарабынан белгилүү болду.
"Шектүү моюнга алган көрсөтмөсүн жактоочунун катышуусунда берди. Андан тышкары күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү бар. Учурда иликтөө жүргүзүлүп жатат, тергөөнүн жыйынтыгы менен шектүүнүн аракетине укуктук баа берилет. Мындан тышкары тиешелүү экспертизалар дайындалды", - дешет мекемеден.
Эске салсак, 17-сентябрь күнү Жаңы-Жер айылындагы №19 өмүр бою соттолгондор кармалган жайда 20 жаштагы Рустам Иманов октон улам ооруканага жетпей каза болгон. Рустам Иманов аскердик кызмат өтөп бүткөн соң аталган жайга 3 жылдык келишимдин негизинде иштеп жаткан. Рустамга жумушта ага беш жоокер бөлүнүп берилип, аларга ит менен иштөөнү, машыктырууну үйрөтчү.