Бүгүн, 25-сентябрда Ош облусунун Өзгөн районунда тойдо мылтык менен бир нече ирет асманга ок чыгарган окуя катталды. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарап, анда турак үйдүн короосунда бир нече балдар топтолгонун, алардын бири ок атуучу куралды алып асманга бир нече жолу атып жатканын байкоого болот. Ош облустук ички иштер башкармалыгынан окуянын чоо-жайын кенен айтып, курал Орусиядан алып келингенин белгиледи.
"Текшерүү иштеринин жүрүшүндө 25-сентябрда Кайрат айылынын 38 жаштагы Х.А.С. аттуу тургуну баласын үйлөнтүп жаткан. Үй ээси Орусиядан сатып келген ИЖ-161 ПС үлгүсүндөгү үн чыгарып жарык берүүчү куралды баласынын досу, Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнүн Аю айылынын 20 жаштагы А.Ш.А аттуу тургунуна ок чыгаруу максатында берген. Ал эми Ш.А эл топтолгон жерде асманга бир нече жолу ок чыгарган.
Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып кароо жүргүзгөн учурда 2 даана 5,45 мм болгон ок атуучу куралдын гильзасы табылып алынган.
Үй ээси өзүнүн көрсөтмөсүндө Москва шаарында көп жылдан бери иштеп жаткандыгын, Кыргыз жергесине 21 жаштагы баласын үйлөндүрүү максатында 6-сентябрь күнү келгенин билдирген. "Той өткөрүп жатканда асманга ок чыгарайын деген оюм бар болчу, мындан улам куралды сатып алгам. Сатып аларда уруксат керекпи деп сурагам, сатуучу АК74 ок атуучу куралга эч кандай уруксат кагаздары кереги жоктугун билдирген. Үн чыгаруучу автомат дегенинен кызыгып, баламдын тоюнда асманга атам деп болжол менен 32 миң рублга сатып алгам. Аэропорттон эч кандай тоскоолдуксуз коё берген.
Бүгүн уулумдун дос балдары Ош шаарында боло турган тойго кетип жатышкан, үйүмдүн короосунда ок атылсын деп автоматты алып чыктым. Ок чыгарып бүткөндөн кийин мен автоматты үйгө алып кирип бекитип койдум" деп билдирген", - дешти мекемеден.
Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иши боюнча далил буюм катары алынган ИЖ-161 СХ-АК74М 5,45х39 20816834 үлгүсүндөгү үн чыгарып жарык берүүчү куралга соттук баллистикалык экспертиза дайындалып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.