Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына, "Ак таңдай" теледолбоорунун 20 жылдыгына, мамлекеттик тил күнү жана Ош шаарынын майрамын утурлай уюштурулган "Ак таңдай-2021" аталышындагы төкмө акындарынын айтышы жыйынтыкталып, "Алтын комуз" баш байгесине акын Баян Акматов ээ болду. Жалпысынан айтышка кыркка жакын акын катышып, 16сы тандап алынган. Бул тууралуу акын менен байланышканыбызда белгилүү болду.
"Айтыш күндөрү биз үчүн майрам. Негизи айтыштарга байге алам деген максат менен барбайм. Баш байгени алам деп ойлогон эмесмин. Бирок буга чейин биринчи орундарды алып келгем. Ошого эле сүйүнө берем. Башка акындардын да баш байгени алышын каалайм", - дейт акын Баян Акматов.
Ошондой эле ал калыстар тобу акындардын тапкычтыгына, чеберчилигине, төп келишкендигине баа беришкендигин кошумчалады.
Ал эми айтышта 1-орунду Айсаба Базарбай кызы, 2-орунду Жылдызбек Төрөканов жана 3-орунду Мамбеттокто Орозо багындырды. Айтыштын жеңүүчүлөрү акчалай сыйлык жана ыраазычылык кат менен сыйланышты.
Эскерте кетсек, айтыштын тандоо туру 22-сентябрда Ош шаарындагы "Санжыра" эс алуу жайында орун алып, ал эми 23-сентябрда С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында жыйынтыкталды.