25-сентябрда Ош шаарында 3 турак үйдөн өрт чыкты. Кырсыктын кесепетинен 2 аял киши күйүк алды. Бул туурасында ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашат.
Белгилүү болгондой, Амир-Тимур кичи районунун Беш-Капа көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Өрт жакын жайгашкан турак үйлөргө өткөндүгүнө байланыштуу өрттү өчүрүүгө 7 бөлүм, 1 штаб, ыкчам топ тартылды. Өрт саат 19:53тө чектөөгө алынып, саат 22:20да толук өчүрүлдү.
"Өрттүн кесепетинен 2 аял киши (1969-жылы туулган жана 1994-жылы туулган) күйүк алышып, медициналык жардам жеринде көрсөтүлдү, учурда абалдары канааттандырарлык.