Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов "Эгемендүүлүк - биздин бактыбыз" аталышындагы жаңы китеп жазды.
Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, Түркмөн лидери китеби жөнүндө Халк Маслахатынын (Элдик Кеңеш) - Түркмөнстан парламентинин жогорку палатасынын жыйынында айткан. Түркмөнстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган жыйынга депутаттардан тышкары өлкөнүн бардык жетекчилиги катышты.
Президент көз карандысыздык эч нерсе менен өлчөнбөгөн улуу түшүнүк экенин баса белгилеген.
"Эбегейсиз мааниге ээ болгон бул сөздө баатыр ата-бабаларынын эркин жана бактылуу жашоого болгон кыялдары жана умтулуулары, биздин даңктуу жашообуз, сүйүктүү мекенибиздин учуру жана улуу келечеги камтылган" деген.
Китепте дүйнөлүк коомчулуктун бардык мүчөлөрүнүн башын бириктирүүгө багытталган бийик максаттарды андан ары ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү ар тараптуу талданган. Бул окурмандарга тынчтык, прогресс жана жалпы адамзат үчүн, жаркын келечек үчүн элдерди бириктирген идеялардын түбөлүктүү баалуулугун ачып берет", - деген Бердымухамедов.
Ал жаңы китеби кызыктуу жана пайдалуу болорун, ошондой эле Түркмөнстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына белек болуп калат деген үмүтүн билдирди.
Түркмөнстандын президенти түркмөн тарыхы, ахалтекин жылкылар, түркмөн килемдери, музыка, тамак жасоо, чай, макал-лакаптар, түркмөн алабай жана башка темалар боюнча бир катар эмгектердин автору. Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги тарабынан ачылган Гурбангулы Бердымухамедовдун чыгармаларынын электрондук китепканасында 60тан ашык китеп бар, алардын көбү чет тилдерге которулган.