UFC`нин тарыхындагы мыкты мушкер аталган Жон Жонс полиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышат.
Андагы маалыматка караганда, мушкер үй-бүлөлүк зомбулукка, ур-токмокко алганга жана унаа менен денеге залал келтирүүгө айыпталууда. Бул окуядан кийин UFC президенти Дана Уайт: "Бул шаар (Лас-Вегас) Жонс үчүн ылайыктуу эмес. Мен эми таң калбайм", - деген.
Укук коргоочулар жагдайлар толук аныкталмайынча эч кандай билдирүү жасабай турганын белгилешкени айтылат маалыматта.