Чүй облусунун Байгелди айылында тоонун боорунда куураган чөптөн өрт чыкты. Өрт эртең мененки саат 07:10до чектөөгө алынганын ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашат.
"Куткаруучулардын нөөмөт бөлүмүнө саат 23:14тө өрт тууралуу маалымат келип түшкөн. Жерине 7 куткаруучу, саат 01:30да жалпы 34 куткаруучу тартылган. Саат 07:10до өрт чектөөгө алынды.
Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда, кошумча маалымат берилет", - дешет мекемеден.