Орусиянын Пермь шаарында ок атууну уюштурган 18 жаштагы Тимур Бекмансуровдун дарылануусуна акыркы бир сутка ичинде эле 2 миллион рубль короду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, анын абалы орточо оор деп бааланууда. Ал дарыгерлердин берген суроосуна жооп берет, бирок өзү суроо бербейт. Кээде гана суу сурап же денесин башка тарапка оодарып коюуну суранат.
Эске салсак, Пермдеги университеттеги каргашалуу окуя 20-сентябрь күнү орун алган. Анда юридикалык факультеттин 1-курсунда окуган Тимур Бекмансуров аттуу студент 12 калибрдүү куралы менен окуу жайга кирип келип, бир канча жолу ок аткан. Анын огунан улам 6 адам каза таап, ондогон жаран жаракат алган. Полиция кызматкерлери Тимур Бекмансуровду жарадар кылып колго түшүрүшкөн.