Чүйдүн Маевка айылында бала бакчадан өрт чыгып, таңга маал өчүрүлдү. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашат.
Белгилүү болгондой, Маевка айылында жайгашкан бала бакчадан өрт чыгып, өрттү өчүрүүгө саат 02:07де жалпы 2 бөлүм,1 суу ташуучу унаа тартылды. Өрт саат 03:04тө чектөөгө алынып, саат 05:10до толук өчүрүлдү.
Жабыркагандар жок дешти мекемеден.