Бишкектеги кафелердин биринде чыккан өрт бүгүн эртең менен өчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, Койбагаров көчөсүндө жайгашкан "Айва" кафесинен өрт чыкты.
Өрттү өчүрүүгө саат 04:44тө жалпы 3 бөлүм, саат 05:18де 1 суу ташуучу унаа тартылып, өрт саат 06:04тө чектөөгө алынды. Ал эми саат 09:20да толук өчүрүлдү.
Жабыркагандар жок.