"Талибан" тарабынан түзүлгөн ооган өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Абдул Гани Барадар Тажикстанды Ооганстандын ички иштерине кийлигишүүдө деп айыптап жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Тажикстан биздин иштерге кийлигишүүдө. Ар бир иш үчүн каршылык бар", - деген Барадар берген интервьюсунда.
Август айында талибдер Ооганстандын борбору Кабулга басып кирип, бүтүндөй өлкөгө көзөмөл орнотконун жар салган. Андан кийин "Талибан " кыймылы Ооганстандын жаңы өкмөтүнүн курамын жарыялаганы кабарланган. Андан бери аталган өлкөдө абал тынчыбай, карапайым эл арасында орун алып жаткан баш аламандыктар, өлүм менен коштолгон учурлар катталууда.
"Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.