15-16-ноябрь күндөрү Ош шаарында "Тамашоунун" Ош филиалынын 3-сезонунун ачылышы болот. Быйыл жылдагыдан айырмаланып, Жогорку жана Премьер-лигада командалар күч сынашышат. Жалпысынан Жогорку Лигада 12 команда, ал эми Премьер-лигада 20га жакын командалар топтолгон. Калыстар тобуна борбор шаардан "Тамашоунун" негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев өзү келип калыстык кыларын айтат уюштуруучулардын бири, "No name" командасынын оюнчусу Кадыр Жарматов. Жыйынтыгында жеңүүчү аталган команда "Тамашоунун" Бишкек шаарында өтүүчү 7-сезонуна жолдомо алат.