Коронавируска каршы күрөшүү үчүн жаңы дары сунушталды

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму расмий түрдө регенерон (казиривимаб жана имдевимаб) препаратын COVID-19дун жеңил учурларын же антителолору жок оор абалда жаткан бейтаптарды дарылоо үчүн сунуштады. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтына жарыяланды.

"Уюм өндүрүүчү компанияларды жана өкмөттөрдү дарынын туура жана коопсуз иштешин камсыз кылууга үндөйт", - деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

Дарыны арзан баада бардык региондорго, айрыкча кирешеси төмөн жана орто өлкөлөргө адилеттүү таркатуу үчүн "Roche Pharmaceutical" компаниясы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылат. ДСУ ошондой эле дарыны ЮНИСЕФ аркылуу жеткирүү мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан