Биз социалдык тармакта

Кытайга чыгарылып кеткен 17 фура алтын концентраты боюнча баалуу металлдар департаментинин директору тактап бере турганын айтты

Депутат Бактыбек Турусбеков алтын концентратынын Кытайга чыгарылып кеткен 17 фура боюнча суроо берди. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында сурады.

"17 фура чыгып кеткени айтылып жатат. Бир бажыдан чыгара албай, башка жактан чыгарып кетип жатышат. Бул боюнча эмне айта аласыздар?", - деп сурады депутат.

Баалуу металлдар департаментинин директору Канатбек Мадумаров ошол фуралар кармалдыбы же башка кармалдыбы билбей турганын айтып, кат түрүндө жооп берерин белгиледи.

22-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Аккулу Бердибаев аткезчилик жол менен алтын концентратын Кытайга алып чыгып кетишкенин айтып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан