"Дарыларды жогорулатылган баада сатып, салыктан качып...". Ташиев айткан фарммафия боюнча бир адам кармалды

УКМК тарабынан калкка дары-дармектерди ашыкча жогорулатылган баада сатууну импорттоочу компаниялардын тобу аныкталды. Бул туурасында бүгүн, 27-сентябрда аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Саламаттыкты сактоо системасындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, калкка ашыкча жогорулатылган баада дары-дармектерди сатууну көздөгөн өлкөгө импорттоочу фармацевтикалык компаниялардын тобунун мыйзамсыз ишмердүүлүгү боюнча маалымат алынган.

"Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, анын алкагында аталган компаниялардын офисинде жана кампасында тинтүү иштери жүргүзүлүп, кошумча экинчи бухгалтерия бар экендигин тастыктаган финансылык документтер алынды.

Ошол эле учурда бул компаниялар тобу көзөмөл жүргүзүүчү мамлекеттик органдардын айрым кызмат адамдарынын колдоосу менен салык төлөмдөрүнөн качуу үчүн импорттук дары-дармектердин чыныгы баасын жашырып, андан ары дарыларды калкка сатууда баасы боюнча спекуляция кылгандары аныкталды.
Дары-дармектерди жеткирүүчүлөрдүн жогорудагыдай мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында, өлкөнүн бюджетине салык түшпөй, калкка керектүү дары-дармектердин баасынын негизсиз жогорулатылышына алып келген.

Мындан сырткары кымбат баадагы дары-дармектердин аналогдорун таратуу менен мыйзамсыз соода ыкмаларын жана адилетсиз атаандаштыкты колдонууга катышкандыгы боюнча далилдер алынды.

Иш жүзүндө алынган далилдерди эске алуу менен аталган ишканалардын жетекчилеринин бири А.В. аттуу жаран кармалып, 319-берененин 1-бөлүмү (коррупция) боюнча кылмышка шектүү катары кармалды. Ага карата Биринчи Май райондук соту тергөө камак жайына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады", - дешти мекемеден.

Азыркы учурда компаниялардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында, мамлекетке келтирилген зыяндын так суммасын жана кылмышкерлердин чөйрөсүн аныктоо иштери жүрүп жатат, алардын аракеттерине тергөөнүн жыйынтыгы боюнча мыйзамдуу баа берилет.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев фармацевтикалык мафиянын бети ачылганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ayzhan12
2021-09-27 11:37:14
Азыркы ден соолук министрин сурака алыш керек. Кылмыштын баарын ошол министирлик билет.
-4
Mister-XXX
2021-09-27 15:57:05
ayzhan12,Ден соолук министри де...
Мына сага жанылык...
Сен чет элден эле сөздү которуп жазып жатат окшойсун.Улутун да башка болсо керек.Суперчилер ушул никтеги адамды текшерип койгулачы.
+7
futboler
2021-09-27 20:02:18
ayzhan12, чач жасалгасы да сотто каралсын деп койсоң болмок)))
+7
zilish_kg
2021-09-27 21:26:52
futboler,жайылган чач жасалгасын)))
+2
zilish_kg
2021-09-27 21:26:27
ayzhan12,Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги болот туурасы.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан