Отуз-Адыр суусуна эки кызы менен түшүп кеткен келиндин 1 жарым жашар наристеси изделүүдө

Ошто Кара-Суу районунун Тойчу айылындагы Отуз-Адыр каналына түшүп кеткен 1 жарым жашар наристе изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-сентябрда Отуз-Адыр каналына 1997-жылы туулган М. аттуу аял эки кичинекей кыз менен (аты-жөнү такталууда) түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар аялды жана болжол менен үч жаштагы кызды суудан аман-эсен чыгарышып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми болжол менен бир жарым жаштагы наристени издөө иштерин жүргүзүү үчүн жерине 13 куткаруучу, 11 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылды.

27-сентябрь күнү издөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан