Эки күндүк “Бахус” аталышындагы рейддик иш-чара учурунда кайгуул кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарында 42 мас айдоочу аныкталып, 735 миң сом айып салынды. Бул тууралуу патрулдук милициянын басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.
"Акыркы учурда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары көп катталып, көптөгөн жарандар жол кырсыгынан ар кандай жаракаттарды алууда. Анын себептери айдоочулар жол эрежелерин так сактабагандыгы болууда. Ошондуктан Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери дем алыш күндөрү “Бахус” аталышындагы атайын жол кырсыктарынын алдын алуу багытында рейддик иш-чара өткөрүп, 2 күндүн ичинде 1620 жол эрежелерин бузуу фактыларын аныктады", - деп билдиришти.
Алардын ичинен: